# 94-берене. Ырайым кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 февраля 2024 года № 57 "О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=3131..3548>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 94-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-94

---

1. Ырайым кылуу белгилүү бир соттолгон жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ырайым кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

2. Ырайым кылуу жөнүндө акт менен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) жазанын калган бөлүгүн андан ары өтөөдөн бошотуу;

2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны 20 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу;

3) сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза колдонулган же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган учурларды кошпогондо, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны белгилүү бир мөөнөткө кыскартуу.

3. Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Көңүлгө ала турган жаңы жагдайлар болбогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга ырайым кылуу жөнүндө кайталанган өтүнүч он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-февралындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-95)
