# 92-берене. Айыптоо өкүмүн аткаруунун эскириши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034088)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.11.2025 [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034088); 19.05.2025 [Закон КР от 19 мая 2025 года № 97 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=40585..40773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 92-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-92

---

1. Эгерде мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү төмөнкүдөй мөөнөттөрдө аткарылбаса, соттолгон адам негизги жазаны, ошондой эле кошумча жазаны өтөөдөн бошотулат:

1) эки жыл - коркунучтуулугу аз кылмыш үчүн соттолгондо;

2) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондо;

3) беш жыл - оор кылмыш үчүн соттолгондо;

4) он жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо.

2. Эскирүү мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.

3. Эгерде соттолгон адам жазаны өтөөдөн качса, кылмыштар боюнча эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү токтотула турат. Бул учурда эскирүү мөөнөтү кармалган учурдан тартып улантылат. Соттолгон адамдын жазасын өтөөдөн качканга чейинки мөөнөтү эскирүү мөөнөтүнө кошулат. Мында айыптоо өкүмү, эгерде чыгарылган учурдан тартып жыйырма жыл өтсө жана кылмыштын эскириши жаңы кылмыштын жасалышы менен үзгүлтүккө учурабаса, аткарылышы мүмкүн эмес. Жазаны өтөө кийинкиге калтырылган учурда, эскирүү мөөнөтү кийинкиге калтыруу мөөнөт аяктаганга чейин токтотулат.

4. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин адам атайылап жаңы кылмыш жасаса, кылмыштардын эскирүү мөөнөтү үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда эскирүү мөөнөтүн эсептөө жаңы кылмыш жасалган күндөн баштап жаңыдан башталат.

5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылат.

6. Тынчтыкка же адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштарды же болбосо аскердик кылмыштарды, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды, ошондой эле алдамчылык, кыйноолор, коррупция, террордук акт, экстремисттик уюмду түзүү, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо кылмыштары жасалганда эскирүү колдонулбайт.

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 97, 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-93)
