# 91-берене. Оорусу жана кош бойлуулугу боюнча жазаны өтөөдөн бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 91-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-91

---

1. Белгилүү убакытка эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам өкүм (токтом) чыгарылгандан кийин катуу оору жана өкүмдү аткарууга тоскоол болгон оору менен ооруп калганда, медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде жазаны андан ары өтөөдөн сот тарабынан бошотулушу мүмкүн. Мында сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгон адамдын инсандыгын, оорусунун мүнөзүн жана жазанын иш жүзүндө өтөлгөн мөөнөтүн эске алат. Тиешелүү оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Коомдук иштерге же түзөтүү жумуштарына соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда, сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулат. Ошондой эле, эгерде кош бойлуулугу соттун өкүмү чыгарылгандан кийин билинсе, сот кош бойлуу аялды коомдук иштер жана түзөтүү жумуштар түрүндөгү жазаны андан ары өтөөдөн бошотот. Айып салууга соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулушу мүмкүн. Ошол эле убакта сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгондун инсандыгын жана алган майыптуулугун эске алуу менен анын иш жүзүндөгү жазаны аткаруу мүмкүнчүлүгүн эске алат.

2. Эгерде адам өкүм чыгарылгандан кийин жин оорусу менен ооруп калса, анда сот аны психиатр-дарыгерлердин медициналык комиссиясынын корутундусунун негизинде ушул Кодекстин 16-главасынын жоболорун жетекчиликке алып, жаза өтөөдөн бошотот.

3. Адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулган мезгилдин бир күнү эркиндигинен ажыратуунун медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуунун бир күнүнө барабар болгон жаза мөөнөтү катары эсепке алынат.

4. Тартиптик аскер бөлүгүнө жиберүүгө соттолгон аскер кызматчысы андан ары ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп таанылса, жаза өтөөдөн бошотулат.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-92)
