# 90-берене. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууда сыноо мөөнөтүн дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 90-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-90

---

1. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу колдонулган учурда сыноо мөөнөтү сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып башталат.

2. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамга сот жазанын өтөлө элек бөлүгүнүн чегинде, бирок үч жылдан ашпаган сыноо мөөнөтүн дайындайт.

3. Сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга сыноо мөөнөтү мезгилинде пробация органы тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдү белгилөө жөнүндө токтом чыгарат.

4. Соттолгонго көзөмөл белгиленгенде, сот ага сыноо мөөнөтү мезгилине көзөмөл талаптарды жүктөйт, ошондой эле ушул Кодекстин 83-беренесинде каралган милдеттерди жүктөй алат.

5. Эгерде соттолгон сыноо мөөнөтү ичинде өзүнө жүктөлгөн көзөмөл талаптарды жана милдеттерди сактабаса, анда сот пробация органынын сунушунун негизинде соттолгон адамды дайындалган жазаны жокко чыгарып жана өтөөгө жөнөтүү жөнүндө токтом чыгара алат.

6. Соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда сот ушул Кодекстин 78-беренесине ылайык өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча ага жаза дайындайт.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-91)
