# 9-берене. Гуманизм принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 9-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-9

---

1. Ушул Кодекс эң жогорку социалдык баалуулуктар катары инсанды, анын өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, кол тийбестигин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылат.

2. Кылмыш жасаган адамга сот түзөтүү, кайра социалдаштыруу жана жаңы кылмыштарды жасашын алдын алуу максатында, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында зарыл жана жетиштүү жазаны дайындайт. Жаза жана кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары дене бойго зыян алып келбеши же адамдын кадыр-баркын кемсинтпеши керек.

3. Ушул Кодекске анда көрсөтүлгөн жосундардын жазасын жана башка кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин негизсиз оордоткон өзгөртүүлөр киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-10)
