# 88-берене. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034088)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.11.2025 [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034088); 19.05.2025 [Закон КР от 19 мая 2025 года № 97 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=40585..40773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 88-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-88

---

1. Ушул Кодекстин 89-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, эркиндигинен ажыратууга же тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого соттолгон адамдар сот тарабынан жазаны өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу мүмкүн.

2. Соттолгонго карата мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу төмөндө саналып өткөн шарттардын бардык жыйындысында колдонулат:

1) түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжасына жетишкенде;

2) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун толтурганда;

3) жоюлбаган тартиптик жаза чарасы болбогондо;

4) жазаны өтөө мезгилинде эмгекке жана окууга ак ниетинен мамиле кылганга;

5) эгерде алкоголго, баңгиликке, психотроптук же уулуу затка көз карандылыгы бар болсо, алардан арылууга дарылануу курсунан өткөндө.

3. Жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу соттолгон адам жазасын өтөп жаткан жери боюнча анын өзүнүн жеке арызынын, же болбосо жаза аткаруу мекемесинин администрациясынын сунушу боюнча сот тарабынан колдонулат.

4. Жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу соттолгон иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин колдонулат:

1) анча оор эмес кылмышты жасагандыгы үчүн дайындалган жазанын кеминде үчтөн эки мөөнөтүн;

2) оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн, ошондой эле мурда шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга, эгерде аны шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жокко чыгарылса, дайындалган жазанын төрттөн үч кем эмес мөөнөтүн;

3) медиациянын алкагында жабырлануучу тарап менен бүтүмгө жетишсе - анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн дайындалган жазанын жарымынан кем эмес мөөнөтүн;

4) ушул Кодекстин 89-беренесинде каралган чектөөлөрдү кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазалоодо жыйырма беш жылдан кем эмес.

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 97, 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-89)
