# 85-берене. Жазадан жана аны өтөөдөн бошотуунун, жазаны жеңилдетүүнүн негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 85-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-85

---

1. Соттолгонду жазадан же аны андан ары өтөөдөн бошотуу, ошондой эле дайындалган жазаны жеңилдетүү, ырайым кылуу тууралуу актынын негизинде жазаны жеңилдетүүнү же аны жеңилирээгине алмаштырууну кошпогондо, ушул Кодексте каралган учурларда гана сот тарабынан колдонулат.

2. Жазадан же аны андан ары өтөөдөн бошотуу мунапыс жөнүндө мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-86)
