# 84-берене. Пробациялык көзөмөлдүн укуктук кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 84-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-84

---

1. Көзөмөлдүк талаптарды жана жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарган жана жаңы кылмышты жасабаган соттолгон адам пробациялык мөөнөтү өткөндөн кийин жазаны өтөдү деп эсептелет.

2. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он күндүн ичинде пробация органына эч себепсиз келбесе, көзөмөл талаптарын жана пробациялык милдеттерди эки же андан көп жолу бузса, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.

3. Соттолгон адам пробациялык мөөнөттүн ичинде жаңы кылмыш жасаса, сот ага ушул Кодекстин 78-беренесине ылайык пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарат жана жаза дайындайт.

4. Эгер пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү жарымынан өткөнгө чейин соттолгон адам пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниеттүүлүк менен аткарса, оңолуунун жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжаларына жетишсе, кылмыш тарабынан келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурса, сот пробация органынын сунушу боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгара алат.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-85)
