# 83-берене. Көзөмөлдүк талаптар жана пробациялык милдеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=14066..14072>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 83-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-83

---

1. Сот пробациялык көзөмөл белгиленген соттолгонго карата төмөнкүдөй көзөмөл талаптарын аткарууну жүктөйт:

1) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келүү;

2) өлкөнүн чегинен чыкпоо;

3) пробация органына жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө, ошондой эле алар өзгөргөндүгү тууралуу кабарлоо;

4) каттоо жана профилактикалык маектешүүгө катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүү.

2. Пробациялык көзөмөл чараларын колдонуу менен адамды эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн бошоткон учурда, сот төмөнкүдөй милдеттердин бирин же андан көбүн соттолгон адамга жүктөйт:

1) соттун өкүмү чыгарылганга чейин алдын ала макулдук берилген учурда алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан же башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген оорудан дарылануу курсунан өтүү;

2) психикалык активдүү заттарды колдонбоо;

3) белгилүү бир адамдар менен байланышпоо;

4) кылмыштын натыйжасында жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот аныктаган мөөнөттө толтуруу;

5) белгилүү бир жерлерге барбоо;

6) сот аныктаган убакытта жашаган жеринде болуу;

7) сот белгилеген мөөнөттө ишке орношуу же окууга өтүү;

7-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү;

8) пробация органы тарабынан дайындалган кайра социалдаштыруу программаларына катышуу;

9) багуусунда турган адамдарды багуу боюнча милдеттерин жүзөгө ашыруу;

10) пробация органынын талабы боюнча сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо.

3. Сот өз каалоосу боюнча соттолгон адамга түзөтүүгө түрткү берүүчү башка пробациялык милдеттерди аткарууну да жүктөй алат.

4. Пробация көзөмөлү пробация органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот пробация органынын сунушу боюнча соттолгон адамга мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып салышы же болбосо толукташы мүмкүн. Соттолгон адамдын өтүнүчү боюнча сот ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3, 5 жана 6-пункттарында каралган пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып сала алат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-84)
