# 82-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 22.01.2024 [Закон КР от 22 января 2024 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 82-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-82

---

1. Сот анчалык оор эмес жана (же) оор кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны дайындоодо, күнөөлүүнүн ким экендигин, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөбөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-кубаттоочу чарасы болуп эсептелген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

2. Пробациялык көзөмөл төмөнкү адамдарга колдонулбайт:

1) өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондорго;

11) коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивде жасалган кылмыштар үчүн соттолгондорго;

2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгондорго;

3) коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго;

4) конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго;

5) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган кылмыштар үчүн соттолгондорго;

6) жыныстык кол тийбестик жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго.

Көрсөтүлгөн чектөө он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган балдарга жайылтылбайт;

7) ушул Кодекстин 137, 157, 158, 166, 167, 168, 172, 173 312-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө жана 178 -беренелеринде каралган кылмыштар үчүн соттолгондорго;

8) туруктуу жашаган жери жокторго, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга.

3. Сот пробациялык көзөмөлдү дайындоодо жабырлануучунун пикирин эске алышы мүмкүн.

4. Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө, ал эми оор кылмыш үчүн үч жылдан беш жылга чейин белгиленет. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү соттолгон адам пробация органына келген күндөн тартып эсептеле баштайт. Сот өкүмдү жарыялаганда соттолгон адамга сот пробациялык милдеттерди жазуу жүзүндө түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.

5. Пробациялык көзөмөл белгиленгенде ушул Кодекстин 60-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн.

6. Пробациялык көзөмөлдү белгилөө соттолгон адамды ушул Кодексте каралган кошумча жазаны дайындоодон бошотпойт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-январындагы № 24, 2024-жылдын 7-августундагы N 161, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-83)
