# 80-берене. Жазаларды бириктирүү жана камакта кармоо убактысын кошуу эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2024 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011439)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2024 [Закон КР от 26 июля 2024 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011439); 24.07.2024 [Закон КР от 24 июля 2024 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=13994..14042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 80-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-80

---

1. Кылмыш жасагандыгы үчүн жазаны дайындоодо, ошондой эле кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды толук же жарым-жартылай бириктирүүдө эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар болот:

1) түзөтүү жумуштарынын үч күнү;

2) коомдук иштердин сегиз сааты;

3) эркиндигин чектөөнүн эки күнү;

4) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоонун бир күнү.

2. Кылмыштардын жыйындысы жана түзөтүү жумуштары түрүндө өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо бул жазалардын мөөнөттөрү гана кошулат.

Соттолгондун эмгек акысынан (акчалай үлүшүнөн) чегерүүлөрдүн өлчөмү кошууга жатпайт жана ар бир өкүм боюнча өз алдынча эсептелинип чыгарылат.

3. Айып жана белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазалар кылмыштардын жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазанын башка түрлөрү менен кошууга жатпайт жана өз алдынча аткарылат.

4. Ар кандай түрдөгү кошумча жазалар бардык учурларда өз алдынча аткарылат.

5. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелет.

51. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 61-главасына ылайык чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу менен байланышкан маселени чечүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, ушул Кодекстин 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн жоболорун эске албастан, чет мамлекеттин сотунун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин чет мамлекеттин соту тарабынан белгиленген камакта кармоо убактысын эсепке алуу тартибин колдонот.

Эгерде бул Кыргыз Республикасында жазасын өтөө үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүүнүн шарттарынын бири болуп саналса, ушул бөлүктүн биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан колдонулат.

6. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үй камакта кармоонун мөөнөтү төмөнкүлөргө жараша эсептелинет:

1) беш күнү - эркиндигинен ажыратуунун жана тартиптик аскер бөлүгүндө кармоонун бир күнүнө;

2) бир күнү - түзөтүү жумуштарынын жана эркиндигин чектөөнүн бир күнүнө;

3) бир күнү - коомдук иштердин эки саатына.

7. Эгерде соттук териштирүүгө чейин камакта кармалган адамга негизги жаза катары айып же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, коомдук иштер же түзөтүү жумуштары дайындалса, анда сот камакта кармоонун мөөнөтүн эске алып, ага дайындалган жазаны жеңилдетет же аны өтөөдөн толугу менен бошотот.

(КР 2024-жылдын 24-июлундагы № 147, 2024-жылдын 26-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-81)
