# 79-берене. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23463..24614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 79-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-79

---

1. Адам күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишим түзгөндө жана келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөгөндө, сот адам күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу өлчөмүнүн чегинде эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындайт. Эгерде берененин санкциясында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалар жок болсо, адамды күнөөлүү деп тапкан берене менен каралган эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө дайындалат.

11. Ушул Кодекстин 336-348-беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн адам күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзгөндө жана материалдык зыяндын ордун толугу менен толтурганда, сот адам күнөөлүү деп таанылган беренеде каралган жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындайт.

2. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда пробациялык көзөмөл колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-80)
