# 77-берене. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 77-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-77

---

1. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн каралган ар кандай беренелери (беренелеринин бөлүктөрү) же бир эле беренеси (берененин бөлүгү) боюнча адам тарабынан эки же андан көп кылмыш жасалганда, алардын бири үчүн да адам соттолбосо жана кылмыш куугунтуктоосунун эскирүү мөөнөтү бүтө элек болсо, кылмыштуу жосундардын жыйындысы деп таанылат.

2. Кылмыштардын жыйындысы болгондо сот ушул главанын жоболоруна ылайык ар бир кылмышка өз-өзүнчө (негизги жана кошумча) жаза дайындайт, андан кийин дайындалган жазаларды толук же жарым-жартылай кошуу жолу менен акыркы жазаны аныктайт.

3. Эгерде жасалган кылмыштардын жок дегенде бирине өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалса, анда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жаза кыйла катуу эмес жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратууга сиңирүү жолу менен аныкталат.

4. Кылмыштардын жыйындысы болгондо негизги жаза менен бирге кошумча жаза дайындалышы мүмкүн. Жазалардын жарым-жартылай же толук кошулушунан кийин кошумча жазанын акыркы мөөнөтү жана өлчөмү ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө кошумча жазанын ушул түрү үчүн каралган эң жогорку мөөнөтүнөн же өлчөмүнөн ашпашы керек.

5. Эгерде өкүм чыгарылгандан кийин соттолгон адам биринчи иш боюнча өкүм чыгарылганга чейин башка кылмыш үчүн дагы күнөөлүү экендиги аныкталса, жаза ошол эле тартипте дайындалат. Бул учурда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жазага биринчи өкүм боюнча толугу менен же жарым-жартылай өтөлгөн жаза кошуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-78)
