# 76-берене. Кылмышка кошо катышуучуларга жаза дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 76-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-76

---

1. Сот кылмышка кошо катышуучуларга жаза дайындоодо кошо катышуунун мүнөзүн жана кылмыш жасоодогу ар бир кошо катышуучунун ролун эске алат.

2. Сот кошо катышуучуларга жаза дайындоодо ар бир кошо катышуучуга тиешелүү болгон жазаны оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайларды эске алат.

3. Уюшкан топтун же болбосо кылмыштуу коомдоштуктун уюштуруучусуна жана жетекчисине алардын калган мүчөлөрүнө караганда оордотулган жаза дайындалат.

---

Мурунку берене: [751-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-751)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-77)
