# 751-берене. Кылмыштардын рецидивинде жазаны дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-751>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-751.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 751-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-751

---

1. Рецидив, коркунучтуу рецидив жана өзгөчө коркунучтуу рецидив үчүн жазаны дайындоодо жасалган кылмыштардын саны, мүнөзү, оордугу жана кесепеттери, ошондой эле мурдагы жазанын түзөтүү таасири жетишсиз болгон жагдайлар, жана жаңы кылмыштардын мүнөзү, оордугу жана кесепеттери эске алынат.

2. Рецидив үчүн жазанын өлчөмү жасалган кылмыш үчүн каралган максималдуу жазанын жарымынан аз эмес, коркунучтуу рецидив үчүн - үчтөн экисинен кем эмес, ал эми өзгөчө коркунучтуу рецидив үчүн төрттөн үчүнөн кем эмес болууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-75)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-76)
