# 75-берене. Кылмышка даярдык көргөндүгү жана кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн жазаны дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 75-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-75

---

1. Сот аякталбаган кылмышка жазаны дайындоодо кылмыштуу ниетти ишке ашыруу даражасын жана аны аягына чыгарбаган себептерди, ошондой эле күнөөлүү адам жасаган аракеттин мүнөзүн эске алат.

2. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн эң жогорку мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн жарымынан ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын эң төмөнкү мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте көрсөтүлгөн жазанын ушул түрүнүн эң төмөнүнөн аз болбоого тийиш.

3. Кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн эн жогорку мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн төрттөн үчүнөн ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын эң төмөнкү мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте каралган жазанын ушул түрүнүн эң төмөнүнөн аз болбоого тийиш.

4. Кылмышка даярдык көргөндүгү же кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалбайт.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-74)  
Кийинки берене: [751-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-751)
