# 72-берене. Жазаны дайындоонун жалпы башталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 72-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-72

---

1. Сот жазаны кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчилик каралуучу ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде белгиленген чектерде, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун сактоо менен дайындайт.

2. Жазаны дайындоодо сот жазанын алдын алуучу максаттарын эске алуу менен күнөөнүн даражасы жана жосун тарабынан келтирилген залалдын даражасына шайкеш келүүсүн эске алуусу зарыл.

3. Жазанын жеңилирээк түрү жазанын максатына жетүүнү камсыз кылбаган учурда гана ушул Кодекстин 60-беренесинде каралган жазанын оор түрү дайындалышы мүмкүн.

4. Эгерде кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамга ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) кылмыштын курамы катары жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайлар каралса, анда ошол эле жагдайлар жазаны дайындоодо көңүлгө алынбайт.

---

Мурунку берене: [71-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-71-1)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-73)
