# 71-берене. Материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 71-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-71

---

1. Материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо, ушул Кодексте көрсөтүлгөн негиздер боюнча, адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же болбосо жазадан бошотулгандыгына карабастан, сот тарабынан колдонулат.

11. Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алганда материалдык зыяндын ордун толтуруу катары сот тарабынан төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:

1) өзүм билемдик менен ээлеп алынган жер участогун кайтарып берүүнү камсыз кылуу жана өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кесепеттерин жоюу боюнча;

2) жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз абалга келтирүүнүн кесепеттерин жоюу боюнча.

2. Моралдык залалды компенсациялоодо сот акчалай компенсацияны белгилейт. Компенсация моралдык залалдын оордугунун даражасына жараша дайындалат.

3. Ушул берененин жоболорун колдонууда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

(КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 133, 2023-жылдын 14-июлундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-70)  
Кийинки берене: [71-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-71-1)
