# 7-берене. Кылмыш-жаза жоопкерчилигин жана жазаны жекелештирүү принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 7-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-7

---

Кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана жазаны дайындоо жөнүндө маселени чечүүдө сот жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугунун даражасын, жасалгандардын жүйөлөрүн жана максаттарын, күнөөлүүнүн инсандыгын, келтирилген залалдын өлчөмүн, жазаны жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайларды, жабырлануучунун пикирин эске алууга жана өкүмдө тандалган жаза чарасын жүйөлөштүрүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-8)
