# 68-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2024 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230006263)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.05.2024 [Закон КР от 16 мая 2024 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230006263); 09.08.2022 [Закон КР от 9 августа 2022 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=3548..8262>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 68-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-68

---

1. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу соттолгонду коомдон мажбурлап обочолонтуу менен өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарына жөнөтүүнү билдирет жана эгерде сот белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууну колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, ушул Кодекстин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө, 154-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө, 155-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө, 156-беренесинин 3-бөлүгүндө, 252-беренесинин 3-бөлүгүндө, 402, 403, 405-беренелеринде, 410-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгиленет.

2. Ушул берененин 21-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу аялдарга, он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан эркектерге дайындалбайт.

21. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан, баланын же майыптын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган, эркектерге дайындалышы мүмкүн.

3. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн.

(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2024-жылдын 16-майындагы № 86, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-69)
