# 67-берене. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 24.07.2024 [Закон КР от 24 июля 2024 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 67-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-67

---

1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза соттолгон адамды ар кандай түрдөгү түзөтүү же тарбиялоо абактарына жайгаштыруу жолу менен коомдон мажбурлап обочолонтууда турат.

2. Эркиндигинен ажыратуу алты айдан он беш жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.

3. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды дайындоодо эркиндигинен ажыратуу мөөнөттөрүн жарым-жартылай же толук кошкон учурунда эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтү жыйырма жылдан ашпоого тийиш.

4. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго жазаны өтөө дайындалат:

1) белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдарга, түзөтүү жумуштары жана коомдук иштер, эркиндигин чектөө жана айып түрүндөгү жазалары эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган, ошондой эле пробациялык көзөмөл жокко чыгарылып, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдар - жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында;

2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөгөн жана рецидивде же коркунучтуу рецидивде жасалган кылмыштар үчүн кайрадан соттолгон адамдарга, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөгөн жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайрадан соттолгондорго - катуу тартиптеги түзөтүү абактарында;

3) кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга, эркиндигинен өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазасы ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга - өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында;

4) биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркек балага, кыз балага, ошондой эле пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган балдарга - жалпы тартиптеги тарбиялоо абактарда;

5) мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөгөн жана кайрадан эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркек балага - күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоо абактарда.

41. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 61-главасына ылайык чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу менен байланышкан маселени чечүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, өзүнүн токтомунда ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболорун эске албастан, чет мамлекеттин соту дайындаган түзөтүү мекемесинин режимине ылайык келген абактын түрүн аныктайт.

Кыргыз Республикасынын түзөтүү мекемесинин түрүнүн жана режиминин чет мамлекеттин соту тарабынан дайындалган түзөтүү мекемесинин режимине ылайык келиши эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды Кыргыз Республикасында жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүнүн шарттарынын бири болуп саналган учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан колдонулат.

5. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон элүү бештен ашкан курактагы эркектердин жана элүүдөн ашкан курактагы аялдардын жаза мөөнөтү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү беренинде каралган эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпайт.

6. Соттолгон адамга дайындалган түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте сот тарабынан жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы № 147, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-68)
