# 65-берене. Айып

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397); 08.07.2024 [Закон КР от 8 июля 2024 года № 114 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010122)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=35681..40585>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 65-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-65

---

1. Айып - ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте сот тарабынан акчалай түрдө дайындалуучу жаза.

2. Айыпкердин, соттолгон адамдын мүлктүк абалын эске алуу менен жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша айып белгиленет.

3. Айып, ушул Кодекстин 225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө, 242-1-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоону кошпогондо, эсептик көрсөткүч менен эсептелет жана 200дөн 2000ге чейинки өлчөмүндө белгиленет

4. Айып ушул Кодекстин 225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө, 242-1-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 3000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдө белгиленет.

5. Соттолгон адам соттун өкүмү, башка соттук акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып үч ай ичинде айыпты ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн учурда, мажбурлап аткаруу органы өкүмдү, башка соттук актыны чыгарган сотко ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн адам күнөөлүү деп табылган тиешелүү беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде, айыпты эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет. Эгерде адам күнөөлүү деп таанылган берененин санкциясында эркиндигинен ажыратуу каралбаса, адам ушул Кодекстин 370-беренесинин негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 114, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-66)
