# 63-берене. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=53979..54749>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 63-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-63

---

1. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу кылмыш жасаган адамга мамлекеттик кызматтын же муниципалдык кызматтын кызмат ордун ээлөөгө же болбосо белгилүү бир кесиптик же башка иш менен алектенүүгө тыюу салынгандыгын билдирет.

2. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазанын негизги түрү катары бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалат.

21. Ушул Кодекстин 336-343-беренелеринде, 344-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 345-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 346-348-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу милдеттүү түрдө дайындалат жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуудан турат.

3. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) каралбаган учурда, кызматты ээлебесе же белгилүү бир иш менен алектенбесе жасай албай турган адам жасаган кылмыштын мүнөзүнө таянып, жазанын кошумча түрү катары алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалат.

4. Кылмыштын өзгөчө субъекти тарабынан ушул Кодекстин 312-беренесинде каралган кылмыштар, ошондой эле баланын же майыптын өмүрүнө жана ден соолугуна же жыныстык кол тийбестигине каршы кызматтык абалын пайдаланып атайылап кылмыш жасалган учурда белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, жазанын кошумча түрү катары сот тарабынан милдеттүү түрдө дайындалат. Ошол эле убакта жазанын бул түрүнүн эң жогорку мөөнөтү төрт эсеге көбөйөт, бирок жалпы мөөнөтү он эки жылдан ашпашы керек.

5. Коомдук иштер же айып жазанын негизги түрү катарында дайындалганда, ошондой эле пробациянын шарттарын колдонуу менен жазадан бошотулганда, жазанын кошумча түрү катары дайындалган белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу мөөнөтү соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет.

6. Бул жаза эркиндигинен ажыратууга, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого кошумча түрү катары дайындалганда, ал негизги жаза өтөп жаткан бардык мезгилге жайылтылат, бирок мында анын мөөнөтү эркиндигинен ажыратуу жана тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазаны өтөгөндөн кийин башталат. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу башка жазанын негизги түрүнө кошумча жаза катары дайындалганда, ошондой эле жаза мөөнөтүн кийинкиге калтырууда же пробация колдонулганда, анын мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет.

7. Эгерде соттолгон адам соттун өкүмүн аткарбаса жана тыюу салынган кызматтарды же иш менен алектенүүсүн уланта берсе, ал ушул Кодекстин 370-беренесине ылайык жоопко тартылат.

8. Өкүмдү аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин кызмат адамдары аларды аткарбаган учурда ушул Кодекстин 370-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат

«Эскертүү. Ушул Кодекстин 312 жана 315-беренелеринде каралган белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү кошумча жаза транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө колдонулат.» (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-64)
