# 59-берене. Кылмыш үчүн жаза түшүнүгү жана анын максаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 59-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-59

---

1. Кылмыш үчүн жаза кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларынын бири болуп саналат, кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган адамга карата соттун өкүмү боюнча колдонулат жана соттолгондун ушул Кодексте каралган укуктарын жана эркиндигин чектөөнү жана ага белгилүү бир милдеттерди жүктөөнү билдирет.

2. Адамды жазалоонун максаты болуп күнөөлүүнү түзөтүү жана кайра социалдаштыруу, жаңы кылмыштарды жасоосун алдын алуу, социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү саналат.

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-60)
