# 58-берене. Кылмыш куугунтуктоонун эскирүү мөөнөттөрү өткөндүгүнө байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034088)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.11.2025 [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034088); 19.05.2025 [Закон КР от 19 мая 2025 года № 97 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026909); 16.02.2024 [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 50 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001797); 22.01.2024 [Закон КР от 22 января 2024 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830); 09.08.2022 [Закон КР от 9 августа 2022 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=40585..40773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 58-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-58

---

1. Эгерде адам тарабынан кылмыш жасалган күндөн тартып жана өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө чейин төмөнкүдөй мөөнөттөр өткөн болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат:

1) эки жыл - коркунучтуулугу аз кылмыш жасаган учурда;

2) үч жыл - анча оор эмес кылмыш жасаган учурда;

3) жети жыл - оор кылмыш жасаган учурда;

4) он жыл - өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда, ошондой эле, эгерде кылмыш уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса.

2. Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качса, эскирүүнүн өтүшү токтотулуп турат. Бул учурларда эскирүүнүн өтүшү адам кармалган күндөн тартып кайра жаңыртылат. Эгерде коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыш жасалган мезгилден тартып он жыл өтсө, адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

3. Эгерде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөнгө чейин адам кайра жаңы кылмыш жасаса, эскирүүнүн өтүшү үзгүлтүккө учурайт. Бул учурда эскирүү мөөнөтүнүн эсеби жаңы кылмыш жасалган күндөн тартып кайтадан башталат. Мында эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш үчүн өз-өзүнчө эсептелет.

4. Мыйзамга ылайык өмүр бою эркиндигинен ажыратуунун дайындалышы мүмкүн болгон өзгөчө оор кылмыш жасаган адамга карата эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалышы мүмкүн эмес жана жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.

5. Эгерде иммунитетке ээ болгон адамга карата кылмыш иши козголсо жана ал иммунитеттин болгонуна байланыштуу токтотулуп турса, анда эскирүү мөөнөтү токтотула турат.

6. Ушул Кодекстин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө, 137-беренесинде, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында жана 4-бөлүгүндө, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында жана 4-бөлүгүндө, 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 3-бөлүгүндө, 158-беренесинде, 159-беренесинин 3-бөлүгүндө, 160-беренесинин 2-бөлүгүндө, 162-беренесинде, 209-беренесинде, 210-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 215-беренесинин 3-бөлүгүндө, 252, 331, 336, 402, 403, 404, 405, 406, 407, 408, 409, 410, 411, 414-беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2024-жылдын 22-январындагы № 24 , 2024-жылдын 16-февралындагы № 50, 2025-жылдын 19-майындагы № 97, 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-59)
