# 57-берене. Жабырлануучу менен бүтүмгө жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 22.01.2024 [Закон КР от 22 января 2024 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 57-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-57

---

1. Коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабырлануучу менен жарашса жана келтирилген чыгымдын ордун толтурса, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына таасирин тийгизген учурларын кошпогондо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

2. Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштардын коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасаган же болбосо ушул Кодекстин 312-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган адам ушул берененин 1-бөлүгү боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш эмес.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-январындагы № 24, 2026-жылдын 5-июнундагы № 81, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-58)
