# 52-берене. Атайын тапшырманы аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 52-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-52

---

1. Уюшкан топко же болбосо кылмыштуу коомдоштукка катышып, алардын кылмыштуу ишин алдын алуу же бетин ачуу максатында атайын тапшырманы аткарган адам тарабынан укук менен корголуучу кызыкчылыктарга аргасыздан залал келтирсе кылмыш болуп саналбайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам уюшкан топтун, же болбосо кылмыштуу коомдоштуктун курамында адамдын өлүмүнө, оор залалга алып келген оор же өзгөчө оор кылмышты атайылап жасагандыгы үчүн гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурда сот өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасын дайындай албайт. Мындай адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ушул кылмыш үчүн мыйзамда каралган эркиндигинен ажыратуунун жогорку мөөнөтүнүн жарымынан көп мөөнөтү дайындалышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-53)
