# 50-берене. Мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызматы боюнча милдеттерди аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 50-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-50

---

1. Адам мыйзамды, буйрукту (тескемени), ошого тете кызматында каралган милдеттерди мыйзамдуу аткаруу учурунда келтирген залалы кылмыш болуп эсептелбейт.

2. Кылмыштуу буйрукту (тескемени) аткаруу үчүн кылмыш жасаган адам жалпы негиздерде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

3. Адам өзүнө мыйзамсыз жүктөлгөн буйрукту (тескемени) же кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же болбосо бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.

Эскертүү. Кызматы боюнча милдеттерди аткаруу деп кызмат адамынын кызматтык нускама, локалдык ченемдик актылар же башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган эмгектик функциянын алкагында аракеттерди аткаруусу түшүнүлөт. Кызмат адамы кызмат орду боюнча милдеттерин аткаргандыгы, ошондой эле ага кызмат орду боюнча жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш эмес, буга өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды алуу максатында жасалган, ушул Кодекстин 336-347-беренелеринде каралган жосундар кирбейт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-51)
