# 49-берене. Кылмыш жасаган адамды кармоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 49-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-49

---

1. Кылмыш жасап жаткан учурда же кылмыш жасалгандан кийин кармоо учурунда жабырлануучу же башка адамдар тарабынан кылмышкерге залал келтирген аракеттери (ушул Кодекске ылайык кылмыш же укукка каршы адамдын жосуну жашына, акыл-эсине же башка жагдайларга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт), эгерде ушул аракет кармалган адамды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында жасалса, кылмыш жасаган адамды башка ыкма менен кармоого мүмкүн болбосо жана мында кармоо чаралары кармалган адам жасаган кылмыштуу кол салуунун мүнөзүнө жана оордугунун даражасына, ошону менен катар эле ушул адамды кармоонун жагдайларына шайкеш эместигине жол берилбесе, кылмыш болуп эсептелбейт.

2. Кармоонун каражаттары менен ыкмалары адам укукка жат кол салышынын мүнөзүнө жана оордугунун даражасына жана бул адамды кармоонун жагдайларына шайкеш эместиги, анын натыйжасында адамга кармоонун зарылчылыгынан келип чыкпаган атайылап залал келтирилиши, ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чапкандык деп таанылат. Адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чапкандык ушул Кодекстин 124 жана 132-беренелеринде каралган учурларда гана кылмыш үчүн жоопкерчиликке алып келет. Мында этиятсыздыктан келтирилген залал жоопкерчиликке тартууга алып келбейт.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-50)
