# 48-берене. Күч колдонуу же психикалык мажбурлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 48-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-48

---

1. Түздөн-түз күч колдонуп, мажбурлоонун таасиринде өзүнүн аракеттерин (аракетсиздигин) башкара албай, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга залал келтирген адамдын аракети (аракетсиздиги) кылмыш болуп саналбайт.

2. Психикалык жана (же) күч колдонуп мажбурлоонун натыйжасында, адам өзүнүн аракеттерин башкаруу мүмкүндүгүн сактаса, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга залал келтиргендиги үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекстин 47-беренесинин жоболорун эске алуу менен чечилет.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-49)
