# 47-берене. Аргасыз зарылдык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 47-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-47

---

1. Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда ушул адамдын же башка адамдардын инсандыгына жана укуктарына, коомдун, мамлекеттин же адамзаттын кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн, эгерде бул жагдайларда коркунучту башка каражаттар менен жоюуга мүмкүн болбосо, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга адамдын залал келтирүүсү кылмыш болуп саналбайт.

2. Эгерде коркунучтун алдын алууга ак ниеттүүлүк менен умтулган адамдын аракетине карабастан, коркунучту алдын алуу максатында жасалган аракеттери өзүнүн максатына жетпей калган жана залал келтирилген учур да аргасыз зарылдык абалы деп таанылат.

3. Укук менен корголуучу кызыкчылыктарга залал келтирилген учурда келтирилген коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына, коркунуч жоюлган жагдайларына дал келбеген атайын залал келтирүү аргасыз зарылдыктын чектеринен аша чапкандык деп таанылат. Мында этиятсыздыктан келтирилген залал кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт.

4. Эгерде келтирилген коркунучтуу кооптуулуктан улам адам ачууга өтө алдырган абалында, келтирилген залалдын ошол коркунучка туура келүүсүн баалай албаса, аргасыз зарылдыктан аша чапкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-48)
