# 44-берене. Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 44-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-44

---

1. Уюшкан топту, кылмыштуу коомдоштукту түзгөн же болбосо аларга жетекчилик кылган адам алар тарабынан жасалган кылмыштардын бардыгы үчүн, эгерде алар анын ниетин камтыган болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун башка кошо катышуучулары даярдык көрүүгө же аны жасоого кошо катышкан кылмыштары үчүн ар биринин кылмышта аткарган ролуна карабастан, эгерде алардын кылмыштуу топту, кылмыштуу коомдоштукту түзүү максаттары жана ниети бир болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-45)
