# 43-берене. Адамдардын тобу жана алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган кылмыштын аткаруучуларынын жана кошо катышуучуларынын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 43-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-43

---

1. Адамдардын тобу жана алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу жасаган кылмыштын аткаруучусу жана башка кошо катышуучулары биргелешкен укукка жат жосун үчүн алардын жеке күнөөлөрүнүн негизинде гана, кылмыш жасоого ар биринин катышуусунун мүнөзүн жана даражасын эске алуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Аткаруучу (кошо аткаруучу) ал жасаган кылмыш каралган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

3. Уюштуруучу, тукуруучу жана көмөкчү ушул Кодекстин 41-беренесинин тиешелүү бөлүгүнө шилтеме жасоо менен аткаруучу сыяктуу эле ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн ошол эле беренеси боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

4. Аткаруучу аяктай элек кылмышты жасаган учурда башка кошо катышуучулар аяктай элек кылмышка кошо катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

5. Өзүнүн эркинен көз карандысыз жагдайлардан улам башка адамдарды кылмыш жасоого көндүрө албаган адам кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-44)
