# 42-берене. Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 42-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-42

---

1. Алдын ала бүтүмсүз эки же андан көп адам биргелешип кылмыш жасашы адамдардын тобу деп саналат.

2. Биргелешип кылмыш жасаган жана мында күн мурунтан, башкача айтканда, кылмыш жасоо башталганга чейин аны биргелешип жасоо жөнүндө макулдашып алган эки же андан көп адамдар алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу болуп саналат.

3. Төмөнкүдөй белгилер менен мүнөздөлгөн топ уюшкан топ болуп саналат:

1) эки же андан көп адамдардан турган;

2) катышуучулардын бардыгынын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө алдын ала бүтүм болгон;

3) туруктуу бирикме болуп саналган;

4) максаты бир же бир нече кылмышты жасоо болуп саналган;

5) функциялары катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн.

4. Төмөнкүдөй белгилери менен мүнөздөлгөн топ кылмыштуу коомдоштук болуп саналат:

1) үч жана андан көп адамдардан турган;

2) бардык катышуучулардын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө алдын ала бүтүмдөрү болгон;

3) туруктуу жана иерархиялык бирикме болуп саналган;

4) максаты бир нече оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо болуп эсептелген;

5) функциялар катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-43)
