# 414-берене. Согуш аракеттеринин убагында кылмыштуу аракетсиздик же болбосо кылмыштуу буйрук берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 414-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-414

---

1. Согуш аракеттеринин убагында начальниктин же башка кызмат адамынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде баш ийген адамдар тарабынан жасалган ушул Кодекстин 410-413-беренелеринде каралган кылмыштарды даярдоосун эскертүү же тыюу салуучу мүмкүн болгон чараларды көрбөө, -

он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Согуш аракеттеринин учурунда начальниктин же башка кызмат адамынын өзүнө баш ийген адамдарга билип туруп эч кимди тирүү калтырбоо буйругун же ушул Кодекстин 410, 411, 413-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого багытталган тескемени берүүсү, -

он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [413-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-413)  
Кийинки берене: [415-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-415)
