# 410-берене. Согуштук аракеттердин учурунда эл аралык коргоого ээ болгон адамдарга карата согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 410-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-410

---

1. Куралын тапшырган жана коргоо каражаттары жок адамдарды, жарадарларды, бейтаптарды, медициналык кызматкерлерди, санитардык жана диний персоналды, аскер туткундарын, басып алынган аймактагы же согуштук аракеттердин аймагындагы жарандык калкты, согуш мезгилинде эл аралык коргоону пайдаланган башка адамдарды каршылаштын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө же орун которууга мажбурлоо, же болбосо алардын көз карандысыз жана калыс сотко болгон укугунан ажыратуу, же болбосо кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө бул адамдардын коргоого болгон укуктарын чектөө, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын ден соолугуна оор залал келтирүү, же болбосо катуу кыйноо, кыйноо же адамгерчиликсиз мамиле; же кала берсе алардын макулдугу менен аларга медициналык, биологиялык жана башка эксперименттерди жүргүзүү, азап чегүүгө, психикасынын бузулушуна, олуттуу майып болуусуна атайылап алып келүү; согуштук зарылдык болбосо деле мүлктү өзү билип бүлүндүрүү же өзүмдүк кылып алуу; же болбосо аларды өзүнүн аскерлерин же объекттерди согуш аракеттерин жашыруу үчүн колдонуу; же болбосо мындай адамдарды барымта катары кармап алуу же кармап туруу; же болбосо жарандык калкты мажбурлоо иштери үчүн пайдалануу, адамзатка каршы кылмыштардын жана геноциддин белгилери жок болсо, -

он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам өлтүрүү, -

он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [409-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-409)  
Кийинки берене: [411-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-411)
