# 41-берене. Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 41-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-41

---

1. Аткаруучулар менен катар эле уюштуруучулар, тукуруучулар жана көмөкчүлөр кылмышка кошо катышуучулар деп таанылат.

2. Кылмыш жасоону уюштурган же кылмыштын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ага тете уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат.

3. Башка бир кошо катышуучуну кылмыш жасоого көндүргөн адам тукуруучу деп таанылат.

4. Башка бир кошо катышуучулар тарабынан кылмыштын жасалышына билип туруп кеңештерди, көрсөтмөлөрдү, каражаттарды берүү же болбосо тоскоолдуктарды жоюу аркылуу көмөк көрсөткөн адам, ошого тете кылмышкерди, кылмыш жасоо куралдарын же болбосо каражатын, кылмыштын изин, же болбосо кылмыш жолу менен алынган, буюмдарды жашырууга, мындай буюмдарды сатып алууга, же болбосо сатып өткөрүүгө же башка ыкма менен кылмышты жашырууга көмөк көрсөтүүгө алдын ала убада берген адам көмөкчү деп таанылат.

5. Кылмышкерге алдын ала убада бербей туруп, кылмыш жасоо куралдарын же каражаттарын, кылмыш изин же болбосо кылмыш жолу менен алынган зат, буюмдарды же андай зат, буюмдарды сатып алууну, же болбосо сатып өткөрүүнү жашыруу кошо катышуу болуп саналбайт. Бул жосундарды жасаган адамдар ушул Кодекстин 367-беренесинде каралган учурларда гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-42)
