# 398-берене. Этиятсыздыктан аскердик мүлктү жок кылуу, бузуу же болбосо жоготуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 398-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-398

---

1. Жеңил ойлуулугунан же болбосо этиятсыздыгынан улам этиятсыздыктан куралды, ок-дарыларды, аскер техникасынын предметтерин, же болбосо башка аскердик мүлктү жок кылуу же бузуу, ага тете аларды этиятсыздыктан жоготуу ири зыян келтирсе, -

тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөттө кармоого же болбосо 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан өзгөчө ири зыян келтирген ошол эле жосун, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [397-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-397)  
Кийинки берене: [399-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-399)
