# 397-берене. Аскердик мүлктү жок кылуу же бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 397-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-397

---

1. Куралды, ок-дарыларды, аскер техникасынын буюмдарын же башка аскер мүлкүн жок кылуу же бузуу, -

тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган аракеттер согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ага тете согуштук шарттарда же өзгөчө абалда жасалса, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [396-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-396)  
Кийинки берене: [398-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-398)
