# 394-берене. Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-394.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 394-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-394

---

1. Кароол курамына кирген адам тарабынан кароол кызматын өтөөнүн уставдык эрежелерин бузуусу этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө кармоого, же болбосо же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле аракет, -

тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого, же болбосо 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуштук шарттарда же өзгөчө абалда жасалса, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [393-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-393)  
Кийинки берене: [395-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-395)
