# 393-берене. Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 393-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-393

---

1. Чек ара нарядынын курамына кирген же чек ара кызматынын башка милдеттерин аткарган адам тарабынан чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу, бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын же транспорт каражаттарынын мыйзамсыз өтүшүнө, контрабандалык жүктөрдүн өтүүсүнө же болбосо башка олуттуу залалга алып келсе, -

тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого же 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүчтө айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле аракет, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [392-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-392)  
Кийинки берене: [394-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-394)
