# 392-берене. Күжүрмөн нөөмөттү өтөө эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 392-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-392

---

1. Кыргыз Республикасына күтүлбөгөн кол салууну өз убагында табуу жана анын мизин майтаруу боюнча, анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күжүрмөн нөөмөттү (күжүрмөн кызматты) өтөө эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө кармоого, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле аракет, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган аракеттер согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуштук шарттарда же өзгөчө абалда жасалса, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [391-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-391)  
Кийинки берене: [393-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-393)
