# 391-берене. Аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан оорулуумун деп түр көрсөтүү менен же башка ыкма менен баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 391-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-391

---

1. Аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан оорулуумун деп түр көрсөтүү менен же өзүнө кандайдыр бир зыян келтирүү (дене мүчөсүн кесүү), документтердин жасалмасын жасоо же башка алдоо жолу менен аскер кызматын өтөөдөн качуу, -

тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейин кармоого же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуштук шарттарда же өзгөчө абалда жасалса, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [390-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-390)  
Кийинки берене: [392-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-392)
