# 389-берене. Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 389-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-389

---

1. Кыска мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы бөлүктү же кызмат өтөө жайын өзү билип таштап кетсе, ошого тете бөлүктөн бошотулганда, дайындалгаңда, которулганда, иш сапарынан, өргүүдөн же дарылоо мекемесинен үч суткадан ашык, бирок он суткадан кем эмес убакытта кызмат өтөөгө жүйөсүз себептер менен келбесе, -

тартиптик аскер бөлүгүндө үч айга чейинки мөөнөткө кармоого жазаланат.

2. Он суткадан ашык, бирок отуз суткадан ашпаган узактыктагы ошол эле аракеттери, -

тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейин кармоого жазаланат.

3. Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары бөлүктү же кызмат өтөгөн жерди өз алдынча таштап кетиши, ошого тете эле анын он суткадан ашык, бирок отуз суткадан ашык эмес узактыкка жүйөсүз себептер менен кызматка келбей коюусу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдө айыл салынат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган аракет, өзү билип таштап кетүү отуз суткадан ашык болсо, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

5. Ушул берененин 1-4-бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер, согуш убагында же согуштук жагдайда, ага тете согуштук же өзгөчө абал шарттарында жасалса, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат Эскертүү. Ушул берененин 1-4-бөлүктөрүндө каралган аракеттерди биринчи жолу жасаган аскер кызматкери, эгерде аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кетүү оор жагдайлардын айкалышынын натыйжасында келип чыкса, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-388)  
Кийинки берене: [390-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-390)
