# 388-берене. Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 388-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-388

---

1. Аскер кызматчысы деген статусу жайылтылган адамды мазактоо, же ага катаал мамиле кылуу же ага карата зомбулукту колдонуу, ошого тете олуттуу эмес залал келтирүү, же аны эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, же жеке кызыкчылыгы үчүн мажбурлап пайдалануу же аскерге керектүү болгон предметтерин андан опузалап алуу же тартып алуу аскер кызматчысы статусу жайылтылган, жабырлануучу менен баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон адам тарабынан жасалса, -

тартиптик бөлүктө үч айдан алты айга чейин кармоого же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) эки же андан көп адамга карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) курал колдонуу менен;

2) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-387)  
Кийинки берене: [389-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-389)
