# 387-берене. Начальникке каршылык көрсөтүү же начальникке карата зомбулуктуу аракеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 387-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-387

---

1. Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга байланыштуу же аскердик кызмат боюнча милдеттерди аткарып жаткан мезгилде начальникке, ошого тете өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жаткан башка адамга карата каршылык көрсөтүү, же аларды ушул милдеттерди бузууга мажбурлоо, ал өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен коштолсо, -

тартиптик аскердик бөлүктө алты айдан бир жылга чейин кармоого, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Аскер кызматы боюнча милдеттерди аткарышына байланыштуу же аткарып жаткан убакта начальникке, ошого тете аскер кызматы боюнча жүктөлгөн милдеттерин аткарып жаткан башка адамга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн, төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) куралды колдонуу менен же өмүр жана ден соолук үчүн зомбулук колдоном деп коркутуу менен;

4) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

5) оор залал келтирүү менен;

6) согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ага тете аскердик же өзгөчө абал шарттарында, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [386-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-386)  
Кийинки берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-388)
