# 386-берене. Буйрукту, тескемени аткарбоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 386-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-386

---

1. Начальниктин белгиленген тартипте берилген буйругун, тескемесин баш ийүүдөгү адамдын аткарбоосу олуттуу залал келтирсе, -

тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейин кармоого же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Оор залал алып келген, ага тете төмөнкүдөй жасалган ошол эле аракет:

- адамдардын тобу тарабынан;

- алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

- согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, согуштук же өзгөчө абалдын шарттарында жасалса, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берененин күчү баш ийген адам буйруктун же тескеменин кылмыштуу экендигин билип туруп аткаруудан баш тарткан учурларга жайылтылбайт. Ушул Кодекстин 48 жана 49-главаларында каралган, Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө, аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, ага тете аскердик чогулуудан өтүү убагында запаста турган жарандар тарабынан жасалган кылмыштар баш ийүүнүн жана аскердик ар-намысты сактоонун тартибине каршы, ошондой эле аскердик мүлктү сактоо же эксплуатациялоо тартибине каршы кылмыштар деп таанылат. Ушул эскертүүнүн экинчи абзацында эске алынбаган адамдар кошо катышкандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [385-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-385)  
Кийинки берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-387)
