# 385-берене. Аскерге чакыруу жана чогулуу (сабактар) иш-чараларынан качуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 385-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-385

---

1. Резервдегинин жана аскерге милдеттүүнүн чогулууга келүүдөн, аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан качышы, анын ичинде ооруп калгандай түр көрсөтүү, өзүнүн денесине атайылап зыян келтирүү (мүчөсүнө зыян келтирүү) же документтерди жасалмалоо же башка алдоо жолу менен качуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо жүздөн уч жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга жазаланат.

2. Согуш мезгилинде мобилизациялоо боюнча аскердик чакыруу иш-чараларынан же согуш мезгилинде аскерге чакыруу иш-чараларынан качуу, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [384-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-384)  
Кийинки берене: [386-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-386)
