# 382-берене. Тизмектен өткөрүлгөн же камак салынган, же болбосо конфискацияланууга тийиш болгон мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 382-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-382

---

1. Мүлк ишенип берилген адам тарабынан жасалып, тизмектен өткөрүлгөн же камак салынган мүлктү коротуу, ажыратуу, жашыруу же мыйзамсыз берүү, ошого тете камак салынган акча каражаттары (салымдар) жагынан кредиттик уюмдун кызматчысынын банктык операцияларды жүзөгө ашыруусу,

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Соттун өкүмү боюнча конфискацияга алынууга жаткан мүлктү жашыруу же өзүмдүк кылып алуу, ага тете мүлктү конфискациялоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүн аткаруудан качуу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [381-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-381)  
Кийинки берене: [383-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-383)
