# 38-берене. Кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 38-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-38

---

1. Эгерде адам кылмышты аягына чейин чыгарууну туюп сезе алса жана аны аяктоого реалдуу мүмкүнчүлүгү болсо, адам даярдалган аракеттерди токтотушу же болбосо кылмыш кылууга түздөн-түз багытталган аракетти же аракетсиздикти токтотушу кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу деп таанылат.

2. Жасоодон ыктыярдуу баш тартылган жосун кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт. Кылмышты аягына чейин жеткирүүдөн ыктыярдуу баш тарткан адам, эгерде анын иш жүзүндө жасаган жосуну башка кылмыштын курамын камтыса гана, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

3. Кылмышты уюштуруучунун, тукуруучунун же көмөкчүнүн өз ыктыяры менен баш тартуусу, эгерде ошол адамдар кылмыш жасоону болтурбоо үчүн колунан келген чаралардын бардыгын өз убагында жасашса жана андан коомго коркунучтуу кесепеттер келип чыкпаса, кылмьпп-жаза жоопкерчилиги болбойт.

4. Кылмышты уюштуруучунун, тукуруучунун же көмөкчүнүн кылмыш жасоодон өз ыктыяры менен баш тартуусу, эгерде ал адамдар кылмыш жасоону болтурбай коюшса же даярдалып жаткан же жасалып жаткан кылмыш тууралуу мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына өз убагында билдирсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт. Кылмыш жасоо каражаттарын же куралдарын көмөкчү тарабынан бербей коюусу же болбосо кылмыш жасоодогу тоскоолдуктарды четтетпегени, көмөкчүнүн ыктыярдуу баш тартуусу деп эсептелет.

5. Кылмышка кошо катышуучулардын кимдир-бирөөсү өз ыктыяры менен баш тарткан учурда, аткаруучу кылмыш жасоого даярдангандыгы же кылмышка аракеттенгендиги үчүн, анын жосуну ушул кылмыштын кайсы стадиясында үзгүлтүккө учураганына жараша кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-39)
